• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Оштогу селде каза болгондордун жакындарына укуктук кеп-кеңештер берилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Оштогу селде каза болгондордун жакындарына укуктук кеп-кеңештер берилүүдө. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Мекеменин маалыматында белгиленгендей, институттун Ош облусундагы өкүлчүлүгү каза болгондордун жакындарына жана туугандарына жолугуп, укуктук жана юридикалык колдоо көрсөтүп жатат.

“Акыйкатчы институтунун кызматкерлери селден жабыркап, үй-мүлксүз калган жарандар менен да жолугушту. Аларга укуктук кеп-кеңештер берилип, мамлекеттен кандай жардам алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Акыйкатчынын тапшырмасы менен бардык мүмкүн болгон чаралар көрүлүп, кызматкерлер акысыз психологиялык кеп-кеңештерди берүүгө даяр. Оштогу селде каза болгондордун биринин жети баласы жетим калды. Алардын алтоо жашы жете элек жаш балдар”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле акыйкатчы Жамиля Жаманбаева селдин кесепетинен каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтканы, Акыйкатчы институтунун жалпы жамааты селден жабыркагандар үчүн жардам иретинде бир күндүк эмгек акысын которушары белгилүү болду.

Эске салсак, 14-июлда Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын суу каптаган. Анда сел агызып кеткен 5 адамдын сөөгү табылып, жерге берилди. Алардын төртөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан.

Пикир

Оставить комментарий