• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Оштогу "Түштүк ЭКСПО-2024" көргөзмө-жарманкеси эки күнгө созулат – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 27-сентябрда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында VIII эл аралык “Түштүк ЭКСПО-2024” жана IV эл аралык “Кыргызстан Улуу Жибек жолунда” туристтик көргөзмө-жарманкелеринин ачылышы өттү.

Жыл сайын өтүүчү көргөзмөгө Кытай, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Монголия, Казакстан, Венгрия, Орусия сыяктуу 8 мамлекеттерден бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү жана Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан жеке ишкерлер катышты.

Аталган көргөзмө-жарманкеде айыл чарба, тамак-аш азыктары, кеңсе буюмдары, техника, курулуш, кийим-кече өндүрүшү, үй-тиричилик, туристтик жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары көрсөтүлдү.

Ошондой эле салттуу музыкалык аспаптардын коштоосундагы концерттик программа тартууланды.

Иш-чара эки күнгө созулат.

Пикир

Оставить комментарий