• 87
  • 90.41
  • 0.84

Оштон Джиддага биринчи чартердик каттам аткарылып, 138 жүргүнчү учуп кетти

Коом 0

Бишкек, 06.03.22. /Кабар/. «Ош» эл аралык аэропортунан 6-мартка караган түндө Оштон Джидда шаарына биринчи чартердик каттам аткарылды.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Оштон 138 жүргүнчү учуп кетти. Каттам «Эйр Манас» авиакомпаниясы тарабынан аткарылды.

«Эйр Манас» ата мекендик авиакомпаниясы Сауд Аравияда Кыргызстандын алгачкы оператору болуп, «Ош-Джидда-Ош» багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (жекшемби) аткармакчы.

Пикир

Оставить комментарий