• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош шаарында футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын алгачкы оюну старт алды

Аймак 0

Бишкек, 06.03.22. /Кабар/. Ош шаарында 5-мартта футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 1-тур оюндары старт алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо Оштун “Алай” футболдук клубу менен “Нур-Баткен” футболдук клубу беттешти.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова катышып, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан жалпы шаардыктарды жаңы футбол сезонунун башталышы менен куттуктап, футболдун коомчулук үчүн маанилүү бириктирүүчү ролун белгиледи.

Быйылкы чемпионатка он команда катышат. Биринчи тур 5-6-мартка белгиленген.

Беттештин жыйынтыгында “Алай” 3:1 эсебинде утулуп калды.

Пикир

Оставить комментарий