• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КР ТИМ башчысы Россиянын муфтийи Равил Гайнутдин менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 06.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 5-мартында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Россия Федепациясына расиий иш сапарынын алкагында Москванын Собор мечитинде Россиянын Мусулмандар диний башкармалыгынын төрагасы, Россиянын муфтийлер кеңешинин башчысы Равил Гайнутдин менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Гайнутдин Казакбаев башында турган кыргыз делегациясын жылуу маанайда тосуп алды жана сапарлары ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Р. Казакбаев Р. Гайнутдиндин жылуу сөзү үчүн ага ыраазычылык билдирди жана Россиянын муфтийи РФнын мусулмандарынын лидери гана болбостон, ошондой эле Кыргызстандын бардык мусулмандарынын да чыныгы жана татыктуу урматына ээ экенин белгиледи.

Маектешүү учурунда дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатка тиешелүү маселелери, анын ичинде заманбап коомдун, өзгөчө өсүп кее жаткан муундун диний өсүүлөрүнүн актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү мүмкүндүгү талкууланды.

Тараптар дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат улуттук жана диний коопсуздуктун заманбап чакырыгына кынтыксыз жооп берүү керектигин белгилешти.

Бул жаатта пикирлери бирдей экенин билдиришти, ал - кыргыз жана орус улутунун жалпы жетишкен байлыгы, улуттук курамынын жана калктын дин тутушунун ар түрдүүлүгү, маданий жана дин аралык өз ара аракеттенүлөрүнүн жана салттарынын тарыхый тажрыйбасы. Мунун баары тынчтык үчүн, коомдогу макулдук жана ынтымактык үчүн болгон жалпы жоопкерчиликти аныктайт.

Украинадагы окуянын өнүгүшү жаатында муфтий Р. Гайнутдин Россиянын МДБсы Калининград областынан Хабаровскийге чейинки бардык мусулмандарды мечиттерде тынчтыкка жетүү үчүн, тынч жарандардын жана күнөөсүз курман болуп жатканын токтотуш үчүн дуа кылууга чакырык кылганын белгиледи.

Р. Казакбаев менен Р. Гайнутдин согуштун кыйраткыч кесепеттерин жана көп сандаган өлүм-житимдерди белгилөө менен, тынчтыкка жетүү жана ынтымактык, жаратмандык, биримдик жана гүлдөп өсүү тууралуу тиленип (дуа кылып) Аллага кайрылышты.

Бул жолугушуу эзелтен келе жаткан салттын уландысы болуп калды жана коомдогу, диний өнүгүүдөгү туруктуулукту жана ынтымакты жөнөкөйлөштүрүүнүн милдеттерин чечүүдө бийлик менен агартуучулук уюмдардын конструктивдүү өз ара аракеттерин тастыктайт.

Пикир

Оставить комментарий