• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

ОшМУ “Студент” сериалын тарта баштады

Аймак 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети “Студент” сериалын тарта баштады. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Сериалды тартуу иштери Ош облусунун Кара-Суу районунда жүрүп жатат. Тасма ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун киноакадемиясынын чыгармачылык жамааты тарабынан тартылууда.

Сценарийин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун директорунун орун басары Дамир Ыразаков жазган. Анда мектепти аяктап жогорку окуу жайга тапшырууну кыялданган абитуриенттердин окуясы баяндалат. Андан ары алардын ОшМУдагы студенттик кездери, кызыктуу күндөрү көрсөтүлөт. Тасма сегиз сериядан турат.

Сериалдагы актердук курам ОшМУнун институт, факультет жана колледжедеринде билим алган студенттерден түзүлгөн. Ошондой эле Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, режиссер Назым Мендебаиров да роль ойнойт.

ОшМУнун киноакадемиясы ачылгандан тарта беш спектакль, тогуз кыска метраждуу, бир даректүү тасма тарткан. Ошондой эле беш видео клип тартылып, сегиз массалык оюн-зоок программалары коюлган. 2023-жылы Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата киноакадемия “Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү-көркөм тасмасын тартып, көрүүчүлөргө тартуулаган.

Пикир

Оставить комментарий