• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Отунду маркалоо. Күйүүчү-майлоочу майга акциз салыгынын түшүүсү көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы "Учкун" ААКтын отунду маркалоо оператору менен биргеликте маркалоо системасы киргизилгенден бери 4,9 миң тонна бензин жана дизелдик отунду маркалады.

Салык кызматынан билдиришкендей, тактап айтканда, 1,3 миң тонна дизелдик отун жана 3,6 миң тонна бензин маркаланды.

Ошондой эле милдеттүү маркалоо киргизилгенден бери, 2024-жылдын октябрынын алгачкы 14 күнүндө күйүүчү-майлоочу майга акциз салыгынан 219 млн сом түшкөн. Бул 2023-жылдын октябрь айындагы жалпы түшүүлөрдүн деңгээлине туура келет.

Учурда отунду маркалоо системасы өлкөнүн бардык аймактарында активдүү ишке киргизилүүдө. Салык кызматы КММди импорттоочулардын жана өндүрүүчүлөрдүн арасында милдеттүү маркалоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Системада колдонулган молекулярдык маркер отун структурасына кирген, жууп салууга мүмкүн болбогон уникалдуу кошулма болуп саналат.

Маркерди текшерүү бардык керектүү талаптарга ылайык тастыкталган атайын куралдардын жардамы менен жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өлкөдө өндүрүлгөн бензин менен дизелдик отунду милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген.

Мындан сырткары, 2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок бензинди жана дизелдик отунду жүгүртүүгө тыюу салынат.

Маркалоо системасын колдонуу күйүүчү-майлоочу майлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө, керектөөчүлөр үчүн отундун сапатын жогорулатууга жана акциз салыгын башкарууну жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Күйүүчү майды маркалоо системасын киргизүү салык ставкаларын жогорулатууга же жаңы салыктарды киргизүүгө алып келбейт. Жаңылануунун негизги максаты – КММнын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу.

Пикир

Оставить комментарий