• 87
  • 90.63
  • 0.79

Пан Ги Мун: Антониу Гутерриш сүрөттөгөндөй эле Кыргызстан уйкудан ойгонуп өзгөрүүлөргө бара жатат

Коом 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Ассамблеянын президенти жана Жашыл өсүү глобалдык институтунун (GGGI) кеңешинин төрагасы Пан Ги Мун менен жолугушту.

Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриштин буга чейин Кыргызстан “уйкудагы сулуу” болсо, ал эми азыр биздин өлкөнү “чапкан аттай баратат” деп салыштырганын эске салды.

Пан Ги Мун өз кезегинде акыркы жылдары Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чындап эле тез болуп жатканын белгиледи.

"Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанды уйкудагы сулуудан күлүккө айланды деп сүрөттөп кетиптир. Мен дагы ошондой эле Кыргызстанды уйкуда жатып, азыр кайра ойгонуп, жаңы өзгөрүүлөргө бара жатканын байкап турам. Мен БУУдан кеткенден кийин Жашыл өсүү глобалдык институтун жетектеп жатам. Кыргызстан Жашыл өсүү глобалдык институтуна мүчө болуп катталганын билемин жана Кыргызстанда ушул институттун кеңсеси ачылган. Келечекте Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө каршы түрдүү долбоорлор иштелип чыгат деген үмүттөмүн", - деди Пан Ги Мун.

Пикир

Оставить комментарий