• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте 2 мектеп жана 2 бала бакчада жылуулук берүү токтотулду. Себеби

Коом 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №65, 39 мектептерде жана №173, 75 бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринде жылытуу системасы ишке киргенде авариялык кырдаал жаралган. Буга байланыштуу билим берүүмекемелерине жылуулук берүү токтотулган.

"Көйгөйлөрдү жоюуга чейин №65 мектеп онлайн окутууга өттү", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Капиталдык курулуш башкармалыгы мыйзам чегинде тендерлерди ыкчам өткөрүп, подрядчылар менен келишимдерди түздү.

Маселе Бишкек мэриясынын жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий