• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстандагы мектеп окуучулары жакшы жыйынтыктарга жетүүдө - Супаналиев

Билим 0

Бишкек, 29.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Пандемиянын таасиринен соң окуучуларды сапаттуу билим менен камсыз кылуу боюнча долбоордун алкагында Кыргызстандагы мектеп окуучулары билим алууда жакшы жыйынтыктарга жетүүдө. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев билдирди.

Анын айтымында, Япония элчилиги жана ЮНИСЕФтин COVID-19дан жабыркаган балдарды сапаттуу билим менен камсыз кылуу боюнча долбоорунун алкагында республика боюнча 460 мектепте гигиеналык коопсуз абал түзүлүп, 10 миңден ашык мугалим материалдардын эсесин толтуруу боюнча окуудан өтүп, 5-6-класстардын 20 миңден ашык окуучусуна билимин өркүндөтүүдөгө жардам берилди. Натыйжада окуучулар тапшырган тесттин жыйынтыктары 15-20 пайызга оңолуп, бул алардын окуудагы жетишкендиктерин чагылдырып турат.

"Долбоорго кирген 460 мектеп инфекциянын алдын алуу жана көзөмөлдөө каражаттары, ошондой эле суюк самын, термометрлер жана кол кургаткыч сыяктуу гигиена жана санитария каражаттары менен жабдылып, өзгөчө муктаж болгон 101 мектептин мугалимдерине жана окуучуларына онлайн окутуу платформасы түзүлүп, жалпы 1 миң 23 компьютерлер орнотулган", - деди Бекжан Супаналиев.

Белгилей кетсек, пандемия дүйнө өлкөлөрү менен катар Кыргызстандагы билим берүү системасына да өзүнүн терс таасирин тийгизди. Бирок, өз убагындагы максаттуу иш-аракеттердин жана колдоолордун натыйжасында окуу процесси үзгүлтүккө учурабагандыгын министрликтин өкүлү маалымдады.

Ошондой эле аталган мектептерде окуу процессинин жүрүшү үчүн жагымдуу шарт түзүлүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуучулардын ден соолугунун жакшыруусуна шарт түзүлгөндүгү жыйындын катышуучулары тарабынан белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий