Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган "Дүйнө Гран-При" Эл аралык мелдешине катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 19-25-ноябрь күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- 52 кг Айбийке Сагыналиева;
- 46 кг Фердауза Убакирова, Аиша Белекова;
- 60 кг Надежда Рак, Руслан Сабыров, Каныбек Жапаров, Даниель Орозбеков;
- 64 кг Улук Марсбек уулу;
- 70 кг Маматибрагим Суранов;
Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имияновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Пикир
Оставить комментарий