• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Пара талап кылуу фактысы боюнча ЖК депутатынын бир тууганы кармалды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Пара талап кылуу фактысы боюнча ЖК депутатынын бир тууганы кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
Ага ылайык, 29-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы пара талап кылуу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын (ТББ) бажылык жол-жоболоштуруу тобунун 48 жаштагы башкы инспектору 1 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармады.
Такталгандай, К.М.А. Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүү үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган.
Кармалган К.М.А. Жогорку Кеңештин депутаты С.А.Келдибаевдин бир тууганы.
Азыркы учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий