• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте жаранды 40 миң долларга алдаган УКТнын мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ири суммада алдамчылык кылган жаранды кармашкан.

ИИМ басма сөз кызматынан кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында Тергөө кызматына Р.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ушул жылдын мартында тааныш Сталбек, Кубан, Алмаз аттуу жарандар Бишкек шаарынын “Дордой” базарынан күркө сатып беребиз деп, анын ишенимине киришип, алдоо жолу менен жалпысынан 40 миң долларын алышканын билдирген. Ошол күндөн бери бул жарандар берген убадасын аткарбай качып жүрүшкөндүгү белгилүү болгон.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө башталган.

“9-декабрда уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган 1979–жылы туулган К.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Шектүү Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий