Кыргызстанда учурда 215,5 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, анын ичинен 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар 37 миңден ашык. Бала чагынан бери майыптыгы бар 18 жаштан жогору 39 миң адам, ал эми жалпы оорусу боюнча майыптуулугу бар жарандар 10 миңден ашат.
Эми Кыргызстандагы спорттук жайлар майыптыгы бар жарандар үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү. Анткени президент Садыр Жапаров 23-июлда “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документ ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Ага ылайык, дене тарбия жана спорт менен алектенүүсүнө медициналык чектөөлөрү жок ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар спорттук жайларда машыга алат. Ошондой эле спорт залдарын, сүзүүчү бассейндерди, спорттук комплекстерди курууда жана колдонуудагысын реконструкциялоодо алардын ээлери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга шарттарды түзүлүшү зарыл.
Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга спорт тармагында ыңгайлуу шарттарды түзүү тууралуу “Кабар” агенттиги Кыргыз улуттук Паралимпиада комитетинин президенти Токторбек Айдыралиев менен маектешти.
— Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан спорт менен машыгууга кызыккан жарандар барбы?
— Албетте, спорт менен машыгууга кызыккандар көп. Алардын алдыга койгон максаттары бар. Майыптуулугу бар адамдардын эрки күчтүү келет. Тиешелүү шарттардын жоктугуна карабастан, азыркы учурда эл аралык мелдештерге катышкан спортчулардын саны элүүгө жакындап калды. Айта кетсек, алар пауэрлифтинг, пара дзюдо, пара триатлон, пара сууда сүзүү, пара жеңил атлетика, пара стол тенниси, майыптар арабасында отургандар үчүн чоң теннис сыяктуу спорттун түрлөрү менен машыгышат. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жашашат. Ал эми башка аймактарда паралимпиадалык спорттун түрлөрүнө ылайыкталган спорттук мекемелер жок болгондуктан, спорт залдары болсо дагы майып адамдар үчүн атайын жуунучу жайлар, лифт, дааратканалар, пандустар жок. Ошондуктан ал жакта машыккандар аз. Бирок ага карабай, элүүгө жакын спортчуларыбыз машыгып, ийгиликтерди жаратып келе жатат.
— Алардын спорттогу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого өлкөдө кандай шарттар түзүлгөн?
— Маселен, паралимпиадачылар менен олимпиадачылардын ортосундагы айырмачылыктар өтө көп эмес. Олимпиадачылар кандай стипендия алып, кандай укуктарга ээ болсо, паралимпиадачылардын да ошондой укуктары бар. 2016-жылы Улуттук Паралимпиада комитетинин демилгеси менен атайын параспорт боюнча мыйзам кабыл алынган. Ошондой кийин көптөгөн иштер алдыга жылды. Азыркы учурда дискриминациялык көрүнүштөр жок десек болот. Спорттук мекеме, стадион, мектептерде шарттардын жоктугунан эле кыйналбасак, стипендия, иш сапарларды каржылоо боюнча маселе жаралбайт. Бул багытта Дене тарбия жана спорт департаменти мыйзам чегинде бардык спорттун түрлөрүн каржылап беришет. Майыптуулугу бар адамдар үчүн атайын спорттук шаймандар жана спорттук протездер каржыланбайт. Мунун себептерин биз деле жакшы билбейбиз. Ал шаймандар абдан кымбат. Көпчүлүк учурда демөөрчүлөрдүн колдоосу же спортчулардын күчү менен табылган шаймандар менен машыгышат.
— Алардын спорт мекемелерине кирүүсүнө чектөөлөр барбы?
— Белгилүү бир чектөөлөр жок. Атайын шарттардын жоктугунан эле майыптуулугу бар жарандар залдарга бара албай калышат. Албетте, ишкерлер, жеке менчик спорттук мекемелер менен Паралимпиадалык комитет сүйлөшүп, үйлөрүнө жакыныраак залдарга машыгуулары боюнча суранып, орундарды алып берүүгө аракеттерди көрөбүз. Жеке менчик спорттук мекемелерге машыккан спортчуларыбыз бар. Абоненттик төлөмү жок эле акысыз машыгуусуна шарт түзгөн спорттук мекемелер бар. Биз аларга ыраазычылык беребиз.
— Кыргызстанда паралимпиадачыларга ылайыкталган спорт комплекси барбы?
— Кыргызстанда параспортчулардын спорт комплекси жок. 2020-2021-жылдары Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин чакыруусу менен Азиялык Паралимпиада комитетинин президенти Мажид Рашид атайын биздин өлкөгө келип, шарттар менен таанышкан. Ал өз демилгеси менен Кыргызстанда паралимпиадалык борбор салдырып берүү каалоосун билдирген. Борборду Кант шаарында салуу пландалган. Бул үчүн мэрия тарабынан 3 гектардай жер тилкеси бөлүнгөн. Бардык тиешелүү кагаз иштери бүтүп калды. Өлкө жетекчилиги ушул борборду курууга да өзгөчө көңүл бурса дейбиз. Азиялык Паралимпиадалык комитеттин башчысын президент кабыл алып, ушул борборду курдуруп калсак жакшы болот эле. Азыркы учурда ушу Азиялык Паралимпиадалык комитет менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алар паралимпиадалык борборду салууга 1,5 млн доллардын тегерегинде акча бөлүүгө даяр экендигин айтып келишет. Ушул жер маселеси толугу менен чечилип, келишимдерге кол коюлса, бул иш тезирээк ордунан жылат деп ойлойбуз. Үмүтүбүз бар. Атайын майыптуулугу бар спортчуларга салып берүүнү ниеттенип жатышканда салдырышып алышыбыз керек. Бул борбордо сууда сүзүүдөн баштап, жеңил, оор атлетика деги эле майыптуулугу бар адамдардын спорт менен машыгуусуна бардык шарттар каралат.
— Кыргызстан Париждеги Паралимпиадалык оюндарга 4 жолдомо уткан. Алдыдагы мелдештерге спортчуларыбыздын даярдыгы кандай?
— Кыргызстандын төрт спортчусу Париждеги Паралимпиада оюндарына катышат. Спортчуларыбыз пара пауэрлифтинг, пара жеңил атлетика, пара дзюдо, пара триатлон спорту боюнча беттештерге чыгат. Миргүл Болоталиева пара пауэрлифтинг, Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетика, Маматибраим Суранов пара дзюдо, Айтунук Жоомарт кызы пара триатлон боюнча мелдештерге катышмакчы. Ушул паралимпиадачыларыбыз август айында Париждеги Паралимпиада оюндарына аттанышат. Биз алардан жеңиштерди күтөбүз. Алардын даярдыгы жакшы. Спортчуларыбыз окуу-машыгууларга барып, жакшы даярданышты. Азыр да машыгуу процесстери уланууда.
— Өзүңүз да убакыт бөлүп, тынбай машыгып турасызбы?
— Мен пара пауэрлифтинг менен машыгып келем. 1996-2011-жылдарга чейин Кыргызстандын жети жолку чемпиону болдум. 2010-жылы Кытайдын Гуанжоу шаарында өткөн биринчи Азиялык Паралимпиада оюндарынын катышуучусумун.
— Сиз Олимпиадалардан баштап бир топ эл аралык мелдештерге катышып жүрөсүз. Башка өлкөлөрдө майыптуулугу бар спортчуларга кандай шарттар түзүлгөн?
— Чет өлкөлөрдө майыптуулугу бар спортчуларга жакшы шарттар түзүлгөн. Алыс барбай эле, Өзбекстан, Казакстанды ала турган болсок, чоң-чоң шаарларда паралимпиадалык борборлор бар. Спортчуларды машыгууга ташый турган унаалар да берилет экен. Бир канча кадам алар алдыга кетиптир. Биздин Паралимпиадалык комитет мамлекет тарабынан каржыланбайт. Биз айлык акы албай, ыктыярчы сыяктуу иштеп келебиз. Өзүбүз ишибизди сүйгөн үчүн эле иштеп келебиз. Өкмөт атайын токтом менен президенттин фондунан бир аз да болсо каржыласа, биздин комитеттин көптөгөн эл аралык иштери алдыга жылмак. Эл аралык Паралимпиадалык комитет, Азиялык Паралимпиадалык комитет, Дүйнөлүк көзү азиздер федерациясы бар, аларга мүчө болгондугубуз үчүн жыл сайын атайын төлөм төлөйбүз. Жалпысынан 700-800 АКШ доллары чыгат. Биз бул акчаны мамлекеттен ала албайбыз. Атайын демөөрчүлөрдү таап, суранып каражат топтойбуз. Баш өлкөлөрдө бул маселелер чечилген. Бизде да ушул маселелер каралып, чечилип калса деген тилегибиз бар.
— Жакында эле президент ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын машыгуусуна спорттук жайларда шарттарды түзүү керектигин белгилеген мыйзамга кол койду. Эми абал өзгөрсө керек…
— Ооба, туура айтасыз. Шарттарды түзүү керектиги тууралуу демилгелер көптөн бери көтөрүлүп келген. Документке кол коюлду. Албетте, бул мыйзам параспортко кызыккан, деги эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ден соолугуна пайдалуу. Эми мүмкүнчүлүктөр ачылды десек жаңылышпайбыз. Алыстан Бишкекке келип-кетип машыкккандарга да жакшы болду, алардын өздөрүнө жакыныраак залдарга кирүүсүнө шарт түзүлөт. Жаңы салынып жаткан же капиталдык оңдоодон өтүп жаткан спорттук жайларда атайын шарттар каралсын деген бул абдан жакшы. Азыркы күндө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун реконструкциясы жүрүп жатат. Кичи арена салынууда. Ошол жерлерге атайын шарттарды карап, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп койсо, абдан жакшы болот эле.
Маектешкен Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий