• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Париж 2024: Кыргызстандык спортчулардын Олимпиада оюндарына чыгуусунун жүгүртмөсү

Спорт 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борбору Париж шаарында үч күндөн кийин башталат. Ири мелдеш 11-августка чейин созулмакчы. Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышат. Алар сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча беттештерге чыгышат.

Алдыда кыргызстандык спортчулардын Олимпиада-2024 оюндарында чыгуу графиги:

27-июль
Сууда сүзүү:
Денис Петрашов 100 метрге брасс сүзүү, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча);

28-июль
Дзюдо
Кубанычбек Айбек уулу (66 кг чейин) 14:00 - 1/32 финал;
Бокс
Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг чейин) -15:00 — 1/16 финал;

31-июль
Дзюдо
Эрлан Шеров (90 кг чейин) 14:00 — 1/32 финал

3-август
Сууда сүзүү
Елизавета Печерских 50 метрге эркин сүзүү - 15:00

5-август
Спорттук күрөш
Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) 19:00 - 1/8 финал
Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) 19:00 - 1/8 финал

6-август
Спорттук күрөш
Акжол Махмудов (77 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал
Үзүр Жузупбеков (97 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал

7-август
Спорттук күрөш
Амантур Исмаилов (67 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал

8-август
Спорттук күрөш
Бекзат Алмаз уулу (57 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал

9-август
Спорттук күрөш
Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал
- Айаал Лазарев 125 кг чейин 15:30 - 1/8 финал

10-август
Спорттук күрөш
65 кг чейин - Эрназар Акматалиев 15:30 - 1/8 финал
76 кг чейин - Айпери Медет кызы 15:30 - 1/8 финал

11-август
Жеңил атлетика
Сардана Трофимова марафондук жарыштын башталышы 12:00.

Белгилей кетсек, XXXIII жайкы Олимпиада оюндары бул ирет Францияда өтөт. Олимпиада-2024 мелдешинин программасына спорттун 45 түрү киргизилген. Анда 200дөн ашык өлкөдөн 10 500 спортчу күч сынашат.

Пикир

Оставить комментарий