• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Париж Олимпиадасынын байге ээлерине акчалай сыйлыктар жана унаалар тапшырылды. Тизме

Спорт 0

Бишкек, 13.08.24. /Айпери Кожоева - Кабар/. Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаров Парижде өткөн Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга жана байге ээлерине акчалай сыйлыктарды жана унааларды тапшырды.

Тизме:

Күмүш байге ээлери:

Мээрим Жуманазарова, кыз-келиндер күрөшү — 10 млн сом жана унаа;
Мунарбек Сейитбек уулу, бокс — 10 млн сом жана унаа.

Коло медаль ээлери:

Жоламан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү — 7 млн сом жана унаа;
Үзүр Жузупбеков, грек-рим күрөшү — 7 млн сом жана унаа;
Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү — 7 млн сом жана унаа;
Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндер күрөшү— 7 млн сом жана унаа.

Олимпиада курама командасынын мүчөлөрү:

Айпери Медет кызы, кыз-келиндер күрөшү, 5 орун — 1 млн сом жана унаа;
Айаал Лазарев, эркин күрөш, 5-орун — 1 млн сом жана унаа;
Бекзат Алмаз уулу, эркин күрөш, 5-орун — 1 млн сом жана унаа;
Амантур Исмаилов, грек-рим күрөшү, 5-орун — 1 млн сом жана унаа;
Айбек уулу Кубанычбек, дзюдо (1/16 финалында утулган) — 500 миң сом жана унаа;
Елизавета Печерских, сууда сүзүү (30 орун) — 500 миң сом жана унаа;
Эрлан Шеров, дзюдо ( 1/8 финалында утулган) — 500 миң сом жана унаа;
Эрназар Акматалиев, эркин күрөш (1/16 финалында утулган) — 500 миң сом жана унаа;
Денис Петрашов, сууда сүзүү (100 метров брасс боюнча – 23-орун, 200 метров брасс боюнча– 14-орун) — 500 миң сом жана унаа.

Пикир

Оставить комментарий