• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандык беш дзюдочу эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Париж шаарында өтө турган “Гранд Слэм Париж” эл аралык мелдешине катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш 4-9-февраль күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:
1. Ханболот Ырысбеков – 60 кг;
2. Кубанычбек Айбек уулу – 66 кг;
3. Чыңгызхан Сагыналиев – 73 кг;
4. Асад Масабиров – 81 кг;
5. Эрлан Шеров – 90 кг.

Дзюдо боюнча курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучу Сергей Кладновдун жетечилиги астында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий