• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Париждеги Олимпиада оюндарында бүгүн Кыргызстандын 5 спортчусу таймашат

Спорт 0

Бишкек, 10.08.24. /Кабар/. Бүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын 5 спортчусу таймашка чыгат.

Медаль үчүн эркин күрөш жана бокс боюнча мелдештер өтөт.

10-августтун жүгүртмөсү:

Эркин күрөш:

15:00 коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеш

125 кг чейинки салмакка чени

Айаал Лазарев - Амарвир Деси (Канада);

15:30

65 кг чейинки салмак ченинде 1/8 финал

Эрназар Акматалиев - Исмаил Масукаев (Венгрия);

76 кг чейинки салмак категориясында, 1/8 финал

Айпери Медет кызы - Ван Цзюань (Кытай);

23:15 коло үчүн күрөш

62 кг чейинки салмакта

Айсулуу Тыныбекова - Криста Инце (Румыния) - Анна Паула Годинез Гонзалез (Канада) беттешинде уткан спортчу менен күрөшөт;

Бокс

01:47 финал

57 кг чейинкт салмакта

Абдумалик Халоков (Өзбекстан) - Мунарбек Сейитбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий