• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акжол Махмудов машыгууга кирише баштады

Спорт 0


Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудовдун Германиядагы операциясы ийгиликтүү өткөн. Бул тууралуу ал инстаграмдагы баракчасында билдирген.

Ал учурда Кёлн шаарында туруп, кичинеден машыгууга киришкен.

"Учурда реабилитация курсун өтүп жатам. Колдоо көрсөткөндөргө, айрыкча Канат Маратовичке колдоосу жана Кыргызстандын спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирем", - деп жазат спортчу.

Эскерте кетсек, Азия чемпиону, Азиянын коло байге ээси - Акжол Махмудов февраль айынын башында жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий