• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

2020-жылы Нарындагы Кызыл октябрь мектебине сапаттуу спутник аркылуу интернет жетет - Догоев

Коом 0

Бишкек, 28.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Аймактарды өнүктүү боюнча улуттук диалог” аттуу конференциянын экинчи күнүнүн жүрүшүндө КР президентинин кеңешчиси Дастан Догоев 2020-жылы Жумгал районунун Сары-Камыш айылындагы Кызыл октябрь орто мектебине сапаттуу спутник аркылуу интернет жетет, - деп билдирди.

Догоев аймактарды өнүктүрүүдө санариптештирүү процесси тууралуу маалымат берип жатып, байланыш чөйрөсүндөгү жакшы жетишкендик тууралуу айтып берди.

“Кечээ, 27-февралда “Роскосмос” Россиянын космос ишмердүүлүгү боюнча мамлкеттик корпорациясында атайын спутник учту. Бул атайын интернет байланышты жеткирүү долбоору. Аталган долбоордун ичине дүйнө жүзү боюнча алты мамлекет кирет. Алардын бирөө Кыргызстан. 2020-жылы Нарын облусундагы Кызыл октябрь орто мектебине акысыз, сапаттуу спутник аркылуу интернет жетет”, - дейт Догоев.

Пикир

Оставить комментарий