• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Париждеги Олимпиадада жөө күлүк Сардана Трофимова 14-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 11.08.24. /Кабар/. Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова 14-орунду ээледи.

Бүгүн Сардана Трофимова 42,2 чакырымдык марафондо чуркады. Жалпысынан бул аралыкты басып өтүүгө 91 спортчу катышты.

Трофимова 14-болуп 2 саат 26 мүнөт 47 секундада маарага келди.

Ал марафон башталгандан 27 чакырымга дейре алдыңкы катарда чуркап бараткандардын арасын толуктап турду.

Акырында Нидерландиянын спортчусу Сифан Хассан жарышта Олимпиада чемпиону аталды. Трофимова андан 3 мүнөт 52 секунда артта калды.

Пикир

Оставить комментарий