• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Париждеги жарылуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок – ТИМ

Коом 0


Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Франциянын Париж шаарындагы жарылуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-июнда Париждин 5-округундагы Сен-Жак көчөсүндө жардыруу болуп, анын кесепетинен имараттардын биринин фасады кулап, өрт чыккан. Өрт коңшу имараттарга да өткөн.

Кыргызстандын Франциядагы элчигинин алдын ала маалыматы боюнча, учурда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Белгилей кетсек, бүгүн массалык маалымат каражаттарында “Париждеги жардыруудан каза болгондордун саны 37 адамга жетти” деген маалымат тараган.

Азыркы учурда жогорудагы айтылган маселе КР Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий