• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Акылбек Жапаров жана Wildberries негиздөөчүсү электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Wildberries ЖЧКнын негиздөөчүсү жана башкы директору Татьяна Бакальчукту кабыл алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн келечегин жана “Вайлдберриз” базарынын алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык сооданы, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында өнүктүрүү үчүн салык жана бажы системаларын шайкеш келтирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Акылбек Жапаров белгилегендей, министрлер кабинети чакан бизнести өнүктүрүү үчүн бардык күчтү жумшоодо, өзгөчө “ата мекендик продукцияны экспорттоого тиешелүү болсо”.

Анын алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук почта оператору “Кыргызпочтасы” менен кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Өз кезегинде Татьяна Бакальчук Кыргызстандагы жеңил өнөр жайынын өнүгүшүнө жогору баа берип, “кыргыз өндүрүшүнүн товарлары Вайлдберризде өзгөчө орунду ээлегендигин” белгиледи.

“Кыргызстандын өкмөтү чакан бизнести өнүктүрүү үчүн абдан жагымдуу шарттарды түзүп жатат, бул жеңил өнөр жайынын уникалдуу кластери. Айрыкча үйдө отурган кыз-келиндер тигүүчүлүктү гана үйрөнбөстөн, жасаган буюмдарын сатып, сооданы дагы үйрөнүшкөнү кубандырат. Бул абдан чоң иш”, - деди Татьяна Бакальчук.

Мындан тышкары, тараптар инвестициялык долбоорлорду талкуулашты, тактап айтканда, компания Чүй облусунун аймагына ири логистикалык борбор курууга кызыкдар экенин билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы “мамлекеттик органдардын жетекчилеринин эшиги инвесторлор үчүн 24/7 ачык” экенин белгилеп, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө “логистикалык борборду куруу боюнча бир нече варианттарды сунуштоону” тапшырды.

Белгилей кетсек, “Вайлдберриз” компаниясынын негиздөөчүсү Кыргызстанга 23-июнда Бишкекте өтө турган электрондук сооданы өнүктүрүү форумуна катышуу үчүн келген.

Пикир

Оставить комментарий