• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен онлайн кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен видеоконференция байланыш аркылуу административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу, 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү, ошондой эле республикалык масштабдагы маанилүү иш-чараларды уюштуруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы “Тиешелүү бир аймактын жашоочуларынын бакубаттуулугу ар бир облус жетекчисинин, айыл өкмөттөрүнүн колунда” деп белгиледи.

“Ар бир айыл аймакта жылдар бою чечилбей келген көйгөйлөр бар экенин билебиз. Аларды чечүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого тийишпиз. Аймактарды өнүктүрүү фонддору түзүлдү, сиздерде облустун тургундарынын жашоо деңгээлин чындап көтөрүү үчүн бардык инструменттер бар, эгер сиздердин күчүңүздөр жетпесе, биз ар дайым колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, - деген Акылбек Жапаров, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бир жуманын ичинде чечилиши жылдап созулуп, улам кийинкиге калтырылган көйгөйлөрдүн тизмесин берүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы тендерлердин ачык өткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп, облустун жетекчилеринин алдына бир катар милдеттерди койду, анда министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы менен өткөрүлгөн тендердик комиссиянын төрагасы президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болууга тийиш.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине 100% даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүүдө тиешелүү жетекчилердин жеке жоопкерчилигин белгиледи.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы жогорку уюштуруучулук деңгээлде даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республиканын аймактарында өтө турган иш-чаралардын, өзгөчө үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында Нарын облусунда өткөрүү пландалган Ниязбек уулу Ормон хандын 230 жылдыгын белгилөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий