• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Парламент вице-премьер-министр кызмат ордуна Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Парламент КР вице-премьер-министри кызмат ордуна Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин жактырды.

Бүгүн парламенттин жыйынында вице-премьер-министр Дүйшенбек Зилалиев Кенекеевдин талапкерлигин вице-премьер кызматына сунуштады.

Зилалиевдин айтымына караганда, өкмөт башчы Сапар Исаков жана биринчи первый вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жумушчу иш сапары менен Арменияга ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн кетишкен.

“Өкмөт башчы жана биринчи вице-премьер-министр Ереванда жумушчу иш сапары менен жүрүшөт, ошондуктан регламетке ылайык мен Кенекеевдин талапкерлигин парламентте сунуштайм”,-деди ал.

Депутаттар ачык электрондук добш берүүнү колдошту. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кенекеевдин талапкерлигин бардык депутаттар бир добуш менен колдоп беришти. Жыйында бардыгы болуп 91 депутат катышты.

Жаңы вице-премьер-министр Кенекеев бардык эл өкүлдөрүнө көрсөтүлгөн ишеним жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске сала кетсек, 7-октябрда Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 36-чакырымында болжол менен таңкы саат 6.30 чамасында жол кырсыгы катталган. КамАЗ жана Toyota Land Cruiser Prado унааларынын кагылышынан 3 адам каза болгон - вице-премьер Темир Джумакадыров, анын айдоочусу Нурбек Муканов жана жардамчысы Нурлан Жамгырчиев.

Пикир

Оставить комментарий