Парламентте Башкы прокурордун отчету каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2019-жылдагы ишинин отчету каралууда.

Жыйында баяндама жасаган Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өткөн жылы коррупцияга каршы аракеттенүү, коррупциялык укук бузууларды азайтуу, социалдык чөйрөнү жана жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо, мыйзамдардын сакталышына карата көзөмөлдү камсыз кылуу багытында жигердүү иштер аткарылганын белгилеп: "Мыйзамдуулукту бекемдөө багытында 10780 текшерүү жүргүзүлүп, 36044 мыйзам бузуу аныкталды. Мындан тышкары мыйзамдарга каршы келген жана коррупциялык тобокелдиктерди жараткан 1301 мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине карата каршылык билдирилип, алар мыйзам талаптарына ылайык келтирилди", - деди.

Ошондой эле 2019-жылы Өкмөттүн айрым ченемдик - укуктук актыларынын мыйзамдуулугу боюнча 10 сунуш берилгенин айткан Башкы прокурор: "Жалпысынан Өкмөттүн жана министрлик менен мекемелердин аппараттарына мыйзамдардын аткарылышы боюнча 108 акты киргизилип, 133 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылды", - дейт.

Буга Билим берүү жана илим министрлигиндеги мектеп окуучулар үчүн китеп чыгарууда жаралган коррупциялык жагдайлар боюнча үч материал кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, абалды жөнгө салуу багытында Өкмөткө сунуш берилгенин мисал кылды.

“Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында жалпы 1 млрд. 79 млн. 556 сом өндүрүлгөн. Анын ичинен 352 млн. 52 миң сом акчалай, 727 млн. 503 миң сомдук натуралай түрдө алынган. Ал эми мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин кирешелерин жана чыгашаларын декларациялоо багытындагы мыйзамдын аткарылышы боюнча прокурорлор тарабынан 1332 чара көрүү актылары киргизилип, 2225 мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлерге тартиптик жаза колдонулду”, – деди Өткүрбек Жамшитов.

Андан тышкары, Башкы прокурордун маалыматына таянсак, мамлекеттик органдардын ичинен көпчүлүк мыйзам бузуу өз алдынча башкаруу тутумунда, жол жана транспорт, билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтеринде, экотехинспекциясында, курулуш агенттигинде жана алардын түзүмдөрүндө орун алган.

Ал эми экстремизм менен терроризмдин алдын-алуу жаатында 25 доо арызы келтирилип, айрым диний уюмдардын 395 интернет сайтына тосмо тыюулары коюлган. Мындан сырткары тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын ишинин мыйзамдуулугун кароо багытында 1005 пландалган жана күтүүсүз текшерүүлөр жүргүзүлүп, 5000ден ашуун негизсиз чечим прокуратура органдары тарабынан жокко чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий