Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт тарабынан демилгеленген "2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, ошондой эле айрым эл аралык келишимдерди өзгөртүү жана колдонуусун токтотуу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү Закир Шарапов баяндама жасап, ташып кирүүгө бажы алымдарынын бөлүштүрүү ченемдерин колдонуу мөөнөтү 2019-жылдын 31-декабрында аяктагандыгын маалымдады.
Ушуга байланыштуу 2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттердин башчыларынын деңгээлинде өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында ташып кирүүгө бажы алымдарын бөлүштүрүүнүн жаңы ченемдерин кабыл алуу үчүн 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, ошондой эле айрым эл аралык келишимдерди өзгөртүү жана колдонуусун токтотуу жөнүндө протоколго кол коюлган.
2019-жылдын 1-октябрындагы Протоколго ылайык Ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү күчкө ээ болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешесине которуу тартиби жөнүндө протоколдун (Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 5 Тиркемеси) 12-пунктунда ташып кирүүгө бажы алымдарын бөлүштүрүүнүн жаңы ченемдери бекитилген
(2020-жылдын 1-январынан тартып, колдонуу мөөнөтү чектелбестен).
- Армения Республикасы 1,220 %
- Беларусь Республикасы 4,860 %
- Казакстан Республикасы 6,955 %
- Кыргыз Республикасы 1,900 %
- Россия Федерациясы 85,065 %
Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын бөлүштүрүү ченемдери өзгөрүлбөстөн калды (тиешелүү түрдө 1,900 пайыз жана 1,220 пайыз).
Беларусь Республикасынын үлүшү 0,3 пайызга көбөйүп, натыйжада 4,860 пайызды түздү, Казакстан Республикасынын үлүшү 0,1 пайызга азайып, 6,955 пайызды түздү.
Мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Пикир
Оставить комментарий