• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 9,4 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 9 млн 440 миң 535 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коронавирусту жуктургандардын ичинен 482 миң 923 киши каза болгон.

Коронавирусту АКШда − 2 млн 381 миң 369 киши, Бразилияда − 1 млн 188 миң 631, Россияда − 613 миң 148, Индияда − 473 миң 105, Улуу Британияда − 308 миң 337, Перуда − 264 миң 689, Чилиде − 254 миң 416, Испанияда − 247 миң 86, Италияда − 239 миң 410, Иранда − 212 миң 501 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий