• 87
  • 90.41
  • 0.84

ПЧР тест-системасы жана экспресс-тесттин баасы канча турат? – Министрликтин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Бир ПЧР тест-системасынын баасы 11 доллардын тегерегинде турат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Маалымат жыйында Каратаевге күнүнө канча тест-система колдонулуп жатат жана тесттердин баасы канча турат деген суроо узатылды.

"Кечээ биз 1 миң 415 ПЧР тест-системасын колдондук. ПЧР тест-системасынын баасы 11 доллардын, ал эми экспресс-тесттин баасы 4 доллардын тегерегинде турат",- деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-апрелге карата коронавирус жуктурган 41 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 339га жетет. Алардын ичинен 44 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий