• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19: Бишкекте 745 орундуу жети стационар иштеп жатат

COVID - 19 0

рБишкек, 15.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте коронавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 745 орундуу жети стационар иштеп жатат. Бул тууралуу шаардын саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Анын айтымында, 14-апрелге карата стационарда 532 бейтап дарыланууда.

“Алардын 321и орточо оор, 162си оор, 27си өтө оор абалда дарылануудан өтүүдө. Ошондой эле 21 бейтап реанимация бөлүмүндө жатат. Учурда 233 орун бош”, - дейт ал.

Шамырканова 1-апрелден бүгүнкү күнгө чейин шаардагы 93 миң 14 окуучу вируска каршы текшерилгенин айтат.

“Алардын ичинен 4 балада курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери байкалган. Бирок ПЧР-тесттин жыйынтыгы терс чыккан. 77 бала бакчадан 4 миң 978 бала каралып, 5инде курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери байкалган. Ата-энелери ПЧР-тестке каршы болгондуктан анализ жүргүзүлгөн жок. Бир гана көзөмөл жүргүзүлүүдө. 10 адистештирилген мектепке чейин билим берүү уюмдарындагы 939 бала кароодон өтүп, 2 балада курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери байкалган. Бул учурда да ата-энеси коронавируска тест тапышрууга каршы чыккан. 27 жеке менчик бала бакчадагы 1 миң 871 бала каралган. Вирустук инфекция катталган жок”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий