Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды, деп билдирет "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, аталган багыттагы алгачкы учак күн мурун "Манас" эл аралык аэропортунда келип конгон.
Жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз каттамдары Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан ыңгайлуу Airbus A320neo учагында аткарылат. Жаңы каттам боюнча жүргүнчүлөр жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү уча алышат.
"Манас" эл аралык аэоропортунда Кытайдын Пекин шаарынан учуп келген биринчи учакты салтанаттуу түрдө тосуп алуу иш-чарасына Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, КР Жарандык авиациясынын директорунун орун басары Канат Төлөгөнов, "Манас" эл аралык" ААК коммерциялык директору Сатыбек Каныбеков, Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башкы директору Му Сюхонг катышты.
Пекинден Бишкекке биринчи каттам менен 90 жүргүнчү учуп келип, Бишкектен Пекинге 150 жүргүнчү учуп кеткен.
Пикир
Оставить комментарий