• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

PhytoKG мамлекеттик маалымат тутуму пилоттук негизде ишке киргизилди

Коом 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. PhytoKG мамлекеттик маалымат тутуму пилоттук негизде ишке киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы этапта долбоор Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин аймактык башкармалыктарынын адистери тарабынан бардык функцияларды тестирлөө үчүн пилоттук колдонуу режиминде ишке киргизилген жана 2025-жылдын 1-мартынан тартып өнөр жайлык эксплуатациялоо режимине киргизилет.

PhytoKG МТ Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен иштелип чыккан жана карантиндик фитосанитардык чаралар чөйрөсүндөгү процесстерди автоматташтырууга, тышкы экономикалык ишмердүүлүктө документтерди электрондук алмашууга өтүүгө багытталган.

Тутумдун негизги максаттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Фитосанитардык сертификаттарга табыштамаларды Кыргызстан Экономика жана коммерция министрлигине караштуу ИСЕО МИ "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" борборунун" порталы аркылуу электрондук берүү;
  • маалыматтардын мамлекеттик базалары менен интеграция, ал болсо маалыматты иштетүүнү тездетет;
  • эл аралык HUB ePhyto Solution тармагы аркылуу электрондук сертификаттар менен алмашуу жана ЕАЭБ чечимдери тарабынан каралган процесстерди аткаруу.

Жайылтуу жыйынтыктары:

PhytoKG МТ фитосанитардык сертификациялоо жол-жоболорунун ачыктыгын, тездетилишин жана жөнөкөйлөштүрүлүшүн камсыздайт, ошондой эле өлкөнүн тышкы экономикалык ишмердигин чыңдоого мүмкүндүк берет. Тутум ошондой эле продукциянын фитосанитардык абалын контролдоо деңгээлин жогорулатат жана карантиндик объекттердин жайылуу коркунучун азайтат.

Министрлик Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин мамлекеттик PhytoKG маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Тутумдун техникалык оператору болуп "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий