• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Премьер-министр: Абал курчуп кеткен аймактарга мобилдүү госпиталдарды уюштуруу маселеси каралууда

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Коронавирус пандемиясы курчуп кеткен аймактарга мобилдүү госпиталдарды уюштуруу маселеси каралууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн онлайн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.

Боронов буга чейин Кытайдан эки жаңы мобилдүү госпиталды алуу пландалып жаткандыгын билдирди.

"Учурда келишимдин негизинде иштеп жатабыз. Эгерде мүмкүнчүлүк болуп күзгө чейин алып калсак, анда мобилдүү госпиталдар абал курчуп кеткен аймактарга коюлат. Анда тиешелүү жабдыктар, реанимациялык бөлмөлөр болот. Учурда бул боюнча тиешелүү министрлик иш жүргүзүп жатышат. Кыргызстанда Коргоо комитетинин базасында бир мобилдүү госпиталь бар", - деп билдирди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий