• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Премьер-министр калаадагы кир үчүн мэрди жемеледи

Өкмөт 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР өкмөтүнүн кезектеги жыйынында калаа башчы Албек Ибраимовду сапатсыз иши үчүн жемеледи.

Өкмөт башчы мэрге кайрылып, шаарда эмне болуп жаткандыгын көрүп жатасызбы? деген суроо узатты. Калаадагы чаң жана кирлерге карата тиешелүү иштерди жасаш керектигин билдирди.

Адан тышкары Абылгазиев бардык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, өкмөттүн аймактагы атайын өкүлдөрү жана министрлер аймактарды өнүктүрүү программасына жоопкерчиликтүү мамиле жасоолору керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий