Президент: 2024-жылга чейин таза суу маселеси толугу менен чечилет

Президент 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы Ичке-Булуң айылын суу өткөрүү системасы менен камсыздоочу суу топтоочу жайдын курулушуна капсула салуу иш-чарасында 2024-жылга чейин таза суу маселеси толугу менен чечилерин белгиледи.

Мамлекет башчысы республикада ичүүчү суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү жана куруу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүп жатканын айтып өттү.

Президент өлкө аймактарында калкты таза суу менен камсыздоо маселесинин актуалдуулугун белгилеп, алыскы аймактардын жашоочуларына ыңгайсыздык жана кыйынчылыкты жаратууда, алардын саламаттыгына зыян келтирилүүдө, деди.

Ал эми Аскарбек Токтошев Ичке-Булуң айылындагы суу топтоочу жайдын курулушун 2020-жылы бүткөрүү пландалып жаткандыгын белгиледи. Бул үчүн 30 млн сом акча каражаты каралган.

Пикир

Оставить комментарий