• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Уставдык капиталы $100 млн Кыргызстан менен БАЭ биргелешкен компания түздү

Президент 0

Бишкек, 31.10.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда Биргелешкен холдингдик компания түзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришт .

Абу-Даби Өнүктүрүү фонду менен 1 миллиард 200 миллион АКШ долларына чейинки ар кандай коммерциялык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталган уставдык капиталы 100 миллион АКШ доллары болгон Биргелешкен холдингдик компания уюштуруу боюнча өнөктөштүк мамиле жана расмий келишимдер түзүлдү.

Финансылык ресурстар менен кирүүдөн тышкары, эмират тарап бизнес компетенттүүлүгү жагынан камсыз кылат. Компания жетекчилиги Эмираттардын мыкты ишкерлик тажрыйбаларын колдонуу аркылуу корпоративдик башкаруу принциптеринде иш алпарат. Долбоорлорду иштеп чыгууга жана башкарууга жогорку деңгээлдеги чет элдик менеджерлер тартылат.

Каражат транспорттук-логистикалык хабдар, IT-инновациялары, энергетика тармактары жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы форматтагы биргелешкен эс алуу аймактарын жана жаңы шаарларды түзүүгө, ошондой эле башка өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий