• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин эки конушунда суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарынын эки конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн Мурас-Ордо конушунда саат 9.00дөн 18.00гө чейин, Калыс-Ордо конушунда саат 9.00дөн 15.00 гө чейин ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Суу "Мурас-Ордо", "Калыс-Ордо" суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калктан, уюмдардан ичүүчү сууну эртелеп камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий