• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

“Пирамида” жана “Бешинчи канал” телеканалдары жоюлат

Коом 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. “Пирамида” жана “Бешинчи канал” телеканалдары банкрот болгондугуна байланыштуу жоюлат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө телеканалдардын карызы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун адистери алектенүүдө.

“Телеканалдарды Бишкек мэриясынын жана “Кыргызалтын” ААКнын балансына өткөрүп берүүгө мүмкүн болгон жок”, - деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Пирамида" медиахолдинги "Кыргызалтын" ААКтын, "Бешинчи канал" ЖАК Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлөрүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий