• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акыйкатчы УКМКнын тергөө абагына барып Атамбаев менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында камакта отурган КРнын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевды көрүп келди.

Жолугушууда Атамбаев ал жактагы шарттарга эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

Эскерте кетсек, Атамбаев бир катар кылмышка шектелүүдө: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык схемалар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, борбор калаанын ЖЭБине көмүр сатып алуудагы коррупция, Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатып алуу.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармаган. Соттун чечими менен ал 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 20-август күнү Биринчи май райондук соту аны 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий