• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Элчи Өмүралиев Анталья шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анталья шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, жолугушууга Түркиянын Анталья аймагынын миграция башкармалыгынын өкүлү да катышып, кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, Түркиянын аймагында кыргыз жарандарын легалдуу эмес жолдор менен жумушка орноштурууну түздөн-түз Кыргызстандын аймагында жок кылуу жана адам сатуу маселелери талкууланды. Мындан сырткары, Түркиянын аймагындагы жарандардын укук жана милдеттерин камтыган брошуралар таратылды.

Мекендештер менен болгон жолугушууда элчи Антальянын губернатору, Анталья шаарынын мэри жана Түркия Республикасынын Анталья аймагынын миграция башкармалыгынын башчысы менен болгон жолугушууларда кыргыз жарандарынын укук жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин талкуулангандыгы тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий