• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын 15 жаштагы кызы жол кырсыгына кабылды

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Руслан Шаршенбай уулунун 15 жаштагы кызы жол кырсыгына кабылды, бул тууралуу маалыматты депутат өзү тастыктады.

Анын айтымында, жол кырсыгы ишемби, 29-октябрда болгон.

"Кызым биз үйдө жокто унааны уруксатсыз алып кеткен экен. Жабыркаган унаанын ээси менен болгон маселе жеринде чечилди. Кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес, кызым жазасын алды", - деди ал.

Ал эми Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынан кырсык боюнча аларда расмий маалымат жок экенин билдирип, бирок бул иш иликтенип, күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын аларын кошумчалашты.

Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык тийиштүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатына каттоо документи жок адамдын транспорт каражатын башкаруусу 1-категориядагы айып салууга алып келет.

Пикир

Оставить комментарий