• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Оштогу УКТ мүчөлөрүнө кол салуу. Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө мунапыс берилген эмес

Коом 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Жазаларды аткаруу кызматы Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлүмү боюнча кармалгандарга мунапыс жарыяланган деген маалыматты четке какты.

Эске салсак, интернет айдыңында буга чейин кармалган эки-үч шектүүгө мунапыс берилген деген маалымат тараган.

“Буга байланыштуу аталган маалымат чындыкка дал келбей турганын белгилейбиз. Алар мунапыс же ырайым кылуу процедурасынан өткөн эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн.

13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктерине издөө жарыяланган. Жыйынтыгында алты жаран кармалган.

Пикир

Оставить комментарий