• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Президент А.Атамбаевге Кумтөр боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүлөр тууралуу билдиришти

Президент 0


Бишкек, 12-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-майда, Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы тоо кен тармагындагы процесстердин айкындуулугун мындан ары карай жогорулатуу жана коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу, инвестицияларды тартуу жана геологиялык иштерди жайылтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Өлкөдөгү ири тоо кен ишканаларынын иштери тууралуу баяндоо менен Дүйшөнбек Зилалиев “Кумтөр” долбоорундагы Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарын илгерилетүү жана пайда болгон экологиялык маселелерди жөнгө салуу боюнча канадалык “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө Президентке айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев жаратылыш байлыктарын натыйжалуу жана рационалдуу пайдалануу, ошондой эле тоо кен ишканаларынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу менен өлкөнүн жана анын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоонун зарылчылыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий