• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

С.Жээнбеков: “Жарандарды кооптуу аймактардан көчүрүү механизмин иштеп чыгуу зарыл”

Өкмөт 0

Бишкек, 12-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жарандарды кооптуу аймактардан көчүрүү механизмин иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Жыйында ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов кооптуу аймактардан көчүүнү тургундардын каалай коюу маселеси 2004-жылдан бери орун алып келет. “Кооптуу аймактардын бардык жашоочуларына ссуда берилип, жерлер бөлүнгөн,бирок алар көчүүнү каалабай жатышат. Биз алардын үйлөрүн бузуп, турак жайын таштап кетүүгө мажбурлаганбыз. Бирок бул адам укугун бузуу болгондуктан, эми сот аркылуу ишке ашырылат”, - деди К.Боронов.

Өз кезегинде С.Жээнбеков бул маселени чечип, жарандарды көчүрүү механизмин иштеп чыгуу керектигин белгиледи. “Бул бойдон калтырууга болбойт. Силер тиешелү мыйзам долбоорун демилгелешиңер зарыл. Ошондой эле, бул үчүн жооп берген адам болушу керек. Себеби, Аюу айылында 7 үй мыйзамсыз курулуп, 24 адам жер көчкү алдында калды. Бул үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган жок”, - деген өкмөт башчы кооптуу аймактардын ар бир жашоочусуна канчалык деңгээлде коркунучтуу экендигин жеткирүү керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий