• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент «Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду

Президент 0

бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлык айыл айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн шыктандыруу максатында иштелип чыккан.

Жарлыкта 2022-2025-жылдары айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталып, ошол эле учурда бул салыктын жоюлушуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготуулары да толтурулат.

Ошентип, айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү максатында токтом кылынат:

— Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жер салыгынан бошотууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларын компенсациялап, 2022-жылдан баштап 2024-жылды кошуу менен айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу каралган Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

Пикир

Оставить комментарий