• 87
  • 90.41
  • 0.84

Президент бир катар жетекчилерди дисциплинардык жазага тартты

Президент 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бир катар кызматтык адамдарга дисциплинардык жаза чараларын колдонду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билирдет.

Мамлекет башчысынын тескемесине ылайык, КР Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн:

– берилген тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн КР транспорт жана коммуникациялар министри Осоев Эркинбек Арстанбековичке сөгүш берилди;

– “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” КР президентинин жарлыгын ишке ашыруудагы кемчиликтери үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:

Сулайманов Алтынбек Турдубаевичке – президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Жумагазиев Канат Сагыновичке – Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги;

Термеев Руслан Качкынбаевичке – Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын начальниги.

Пикир

Оставить комментарий