• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Президент дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2021-жылдын 8-февралындагы КР Президентинин № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Сунушталган өзгөртүүлөр менен Мыйзамдын түзүмү кайра каралган, мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүүнү жана электрондук башкарууну ишке ашырууну эске алуу менен толуктоолор (жаңы беренелер) киргизилген, өзгөчө кырдаалдар шарттарында өлкөнү дары каражаттары менен камсыздоо маселелери, анын ичинде, дары каражаттарынын жок жана дефицит болуу коркунучу эске алынды, ошондой эле, улуттук мыйзамдарды Евразиялык экономикалык биримдиктин актылары менен, анын ичинде, дары каражаттарын алып кирүү (импорттоо) жана алып чыгуу (экспорттоо) боюнча шайкеш келтирүү маселелери эсепке алынды.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий