• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Жээнбеков глобалдуу программанын жетекчиси Аванесовду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда глобалдуу программанын жетекчиси, айыгышкан экстремиздин алдын алуу боюнча БУУӨПтин Атайын кеңешчиси Александр Аванесовду жана БУУ менен БУУӨПтин Контртеррористтик башкармалыгынын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Экстремизмге жана радикализмге биргелешип каршы туруу боюнча маселелер жана чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан БУУнун Глобалдуу антитеррористтик стратегиясын ишке ашыруу үчүн олуттуу күч аракет жумшап жаткандыгын белгилеп, 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын Концепциясы жана 2017-2022-жылдарга экстремизмге менен терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы кабыл алынгандыгын эске салды.

Глобалдуу программанын жетекчиси, айыгышкан экстремизмдин алдын алуу боюнча БУУӨПтин Атайын кеңешчиси Александр Аванесов миссиянын негизги максаты — бул экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшкө көмөктөшүү экенин белгиледи.

«Биз ар тараптуу кызматташууда конструктивдүү диалогду колдоого даярбыз. Активдүү жана жемиштүү ишиңиздер үчүн баарыңарга ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана башкармалыктын тобуна миссиянын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Пикир

Оставить комментарий