• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Президент депутаттардын кызматтык унааларын кайтарууну колдогон жок

Коом 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унааларды кайтарып берүү сунушун колдогон жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Парламенттен билдиришкендей, жыйында комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова буга чейин аталган мыйзам долбоору президенттин каршы пикири менен артка кайтарылганын, аны толуктап иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу түзүлгөнүн, бирок алар бир пикирге келе албай калганын айтты.

Комитеттин жыйынында Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева белгилегендей, мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү үчүн кошумча унааларды сатып алуу жана айдоочулардын санын көбөйтүү зарыл. Бул максаттарга кошумча каражаттарды бөлүү 2025-2026-жылдарга республикалык бюджетте каралган эмес.

Дүйшеева, Конституциянын 86-беренесинин 3-пунктуна ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган чыгымдарды көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорлору министрлер кабинети тарабынан жана каржы булактары аныкталгандан кийин кабыл алынарын эске салды.

Натыйжада комитеттин депутаттары мыйзам долбоорун четке какты.

Эске салсак, буга чейин мамлекет башчы аталган мыйзам долбоорун кайра кароого каршылыгын билдирип, парламентке кайтарган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2021-жылы республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу боюнча кол койгон жарлыкка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын кармоого кеткен чыгымдарды кыскартуу, министрдин орун басарларынын штаттык бирдиктерин кыскартуу, сатып алууга тыюу салуу тапшырмасы берилген. Бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматтык унааларды алууга, административдик имараттарды жана кызматтык жайларды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө тыюу салган.

Пикир

Оставить комментарий