• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Президент: Электр энергиясын импорттоону кескин кыскартып, импортко чыгышыбыз керек

Президент 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Биз гидро потенциалга ээ болуп турганда электр энергиясын импорттоону кескин түрдө кыскартуубуз кажет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кеминдеги "Терек-Таш" клинкер заводунун ачылышында айтты.

"Биз ар кандай себептер менен ишке ашпай келген Камбар-Ата-1 ГЭСи жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болгон Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууга белсендик.

Ошону менен катар, биз гидро потенциалга ээ болуп турганда, электр энергиясын импорттоону кескин түрдө кыскартуубуз кажет. Жараткан берген сууну туура пайдаланып, электр кубатын өндүрүүнү жогорулатып, элибизди камсыз кылууга милдеттүүбүз.

Кудай буюрса, кийинки жылдары экспорттук тизмеге электр энергиясын экспорттоо дагы кошулат деген аруу тилегибиз бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий